24 сентябрь 2026

Кароолор: 8

Кадамжай районунда чек арага чектеш аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иш-чара өттү

2026-жылдын 24-сентябрында Кадамжай районунда «Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймактарында туруктуу өнүгүүнү жана коомчулуктардын кызматташтыгын чыңдоого көмөктөшүү» долбоорунун алкагында иш-чара өттү.

Аталган долбоор БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУнун үч агенттиги тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун максаты — чек арага чектеш аймактарда туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү, коомчулуктардын кызматташтыгын чыңдоо жана жергиликтүү демилгелерди колдоо.

Иш-чара Кадамжай шаарынын өткөрмө пунктунда өтүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана коомчулуктардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда чек арага чектеш аймактардын актуалдуу маселелери, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана коомчулуктардын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.