11 сентябрь 2026
Кароолор: 7
Кадамжай районунда дагы 3 маанилүү социалдык объект пайдаланууга берилди!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай өлкөбүздүн бардык аймактарында жаңы социалдык объекттер ачылып, элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү иштер уланууда.
Бүгүн,2026-жылдын 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча ачылып жаткан 105 социалдык объекттин катарында Кадамжай районунда 3 социалдык объекттин салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, алар пайдаланууга берилди.
Майдан айыл аймагынын Айырбаз айылындагы “Кыргызстандын 10 жылдыгы” атындагы 500 орундуу мектеби;
Кадамжай шаарындагы бардык мезгилде пайдаланууга ылайыкталган жабык спорттук суу бассейни;
Кадамжай районундагы “Ыйман” (“Аленушка”) балдар бакчасы.
Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Каримбердиева, социалдык бөлүмүнүн башчысы К.Тагаева, Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу жана анын орун басарлары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бул объекттердин пайдаланууга берилиши — райондун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам.
Эл үчүн курулган жаңы объекттер — өнүгүүнүн жана келечекке болгон ишенимдин белгиси!