28 август 2026

Кароолор: 5

Кадамжай районунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата иш-чаралар өтүүдө

Кадамжай районунун айыл аймактарындагы бала бакчаларда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Иш-чаралардын жүрүшүндө балдарга өлкөбүздүн тарыхы, эгемендүүлүктүн мааниси тууралуу түшүнүк берилип, мекенчилдикке жана улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган ыр-бийлер, көркөм өнөрлөр тартууланууда.

Майрамдык иш-чаралар балдардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, эгемендүү Кыргызстандын келечегине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.