11 сентябрь 2025

Кароолор: 29

Кадамжай районунда элдин тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу боюнча профилактикалык иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын жана ага негиз Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын буйругун аткаруу жана аны көзөмөлдөө максатында Кадамжай РИИБ кызматкерлери менен чогуу район аймагындагы коомдук түнкү эс алуу жайларынын (ресторан, тойканалар, караоке, кафе-барлар) иш убактысына чектөө киргизилип, ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ага негиз элдин тынчын алган кафе-барлар, ресторан, тойканалардын ишмердүүлүгү саат 22:00гө чейин гана экендиги эскертилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайлардын ээлерине ал жерде эмгектенип жаткан кызматкерлердин жаш курагы жана алардын коопсуздугу боюнча айтылып, эгерде мыйзам талаптарын бузган учур катталса, жоопкерчиликке тартыла тургандыктары боюнча эскертилди.