23 апрель 2026

Кароолор: 7

Кадамжай районунда эмгек мыйзамдары боюнча семинар-кеңешме өткөрүлдү

Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү мекемелеринин директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары үчүн эмгек мыйзамдары боюнча семинар-кеңешме уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — билим берүү тармагындагы жетекчилердин жана кесиптик бирлик өкүлдөрүнүн эмгек мыйзамдары боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле мыйзамдардын туура колдонулушун камсыз кылуу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга эмгек келишимдерин түзүү жана токтотуу тартиби, кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгек тартибин сактоо, ошондой эле талаш-тартыш маселелерин мыйзам чегинде чечүү жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Практикалык мисалдар каралып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Иш-чара тажрыйба алмашууга жана кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, эмгек мыйзамдарын сактоо маданиятын жогорулатууга багытталды.