05 ноябрь 2024

Кароолор: 14

Кадамжай районунда “Келечек күн нуру” аттуу бала бакчасы ачылды

Балдар бакчасынын ачылуу аземине КРнын ЖКнин депутаты Атажанов Ырысбек Ысламович, Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бала бакча Ак-Турпак айыл аймагынын Келечек айылында жайгашып, ПРООНдун "Биздин добуш" долбоорунун "Эне бала, окуу өнүгүү" борборунун негизинде уюштурулду.

Жаңы балдар бакчасы 100 орунга ылайыкташтырылган.