20 август 2026

Кароолор: 8

Кадамжай районунда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтары кеңейтилүүдө

2026-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүп, Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылында «Мээрим» кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды.

Долбоордун негизги максаты — мектепке чейинки курактагы балдарды сапаттуу билим берүү жана тарбиялоо кызматтары менен камтууну кеңейтүү, өзгөчө айыл жерлеринде жашаган балдар үчүн билим алууга тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

2025-жылдын ичинде 11 кыска мөөнөттүү долбоор кабыл алынып, анын ичинен Молдо Нияз, Масалиев, Үч-Коргон, Майдан, Орозбеков жана Ак-Турпак айыл аймактарында 9 долбоор кыска мөөнөттүү 3 сааттык мектепке чейинки билим берүү топтору уюштурулуп, 550 бала тарбияланып жатат.