14 октябрь 2025
Кароолор: 8
Кадамжай районунда коррупциянын алдын алуу жана шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык уюштурулуп, анын алкагында коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Айтматов, район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын шайлоо процессинде үгүт иштерине катышпоосу боюнча эскертүү берилди.