21 август 2026

Кароолор: 7

Кадамжай районунда курулушу аяктаган объектилер менен таанышуу өткөрүлдү

2026-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Рахимов жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б. Баяке уулу Кадамжай районунун аймагында курулушу толук аяктаган бир катар объектилерди кыдырып, алардын абалы менен жеринде таанышып чыгышты.

Объектилердин учурдагы абалы боюнча маалыматтар алынып, тиешелүү жетекчилерге курулган имараттарды мындан ары өз убагында пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди.