14 январь 2026
Кароолор: 4
Кадамжай районунда күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдык жыйын өткөрүлдү

2026-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Төрөбаевтин тапшырмасына ылайык, Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышуусунда штабдык жыйын болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү аба ырайынын кескин суукташы күтүлүп жаткандыгына байланыштуу райондун калкын жана социалдык объектилерин кыш мезгилине даярдоо, ошондой эле элди көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, социалдык маанидеги объектилердин — билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринин, ошондой эле турак жай фондунун жылуулук менен камсыздалышы, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча көрүлө турган чаралар кеңири каралды.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жана мекеме-ишканаларга бул багыттагы иштерди өз убагында, сапаттуу жана координацияланган түрдө аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилип, абал туруктуу көзөмөлдө болору белгиленди.