14 июнь 2024
Кароолор: 83
Кадамжай районунда кылкандуу дан эгиндери боюнча

Кадамжай районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери башталды.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Болоткан Баяке уулу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, үрөөнчүлүк чарбалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылындагы “Элита” үрөөн чарбасынын күзүндө себилген кылкандуу дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү боюнча буудай талаасында өткөрүлгөн семинарга катышты.
Чарба талаасында гектарына 44 центнерден түшүм алынууда.
Өткөн жылы Кадамжай аймагында кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы сорттогу үрөндөр себилип, жакшы натыйжасын берүүдө.