31 август 2026
Кароолор: 8
КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНҮН 35 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Кадамжай районунда маданий, спорттук жана коомдук иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык иш-чара мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолун жана эл үчүн жасаган эмгегин чагылдырган сахналык көрүнүш менен башталды. Көрүнүштө залкар инсандын мекенге болгон ак кызматы, эмгек жолу жана кыргыз элинин өнүгүүсүнө кошкон салымы көркөм баяндалды.
Майрамдын алкагында айыл чарба жарманкеси уюштурулуп, анда Кадамжай районунда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эмгектери жана берекелүү жергебиздин түшүмдөрү тартууланды.
Социалдык келишимдин катышуучулары өздөрүнүн ишкердик долбоорлорун жана өндүргөн продукцияларын көргөзмөгө коюп, эмгектеринин үзүрүн элге көрсөтүштү.
Ошондой эле өзбек диаспорасынын өкүлдөрү улуттук кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн, кол эмгеги менен жасалган буюмдарды жана чыгармачылык иштерин тартуулашты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында спорттук мелдештер да уюштурулуп, анда волейбол, кыргыз күрөшү жана кол күрөш боюнча таймаштар өттү. Спортчулар күчүн, шамдагайлыгын жана чеберчилигин көрсөтүп, жеңиш үчүн кызуу таймашты.
Майрамдык концерттик программада белгилүү эстрада ырчылары Алмаз Шаадаев, Гүлнара Калдарова, Бекболот Юлдашев жана Кадамжай районунун жергиликтүү таланттуу өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулашты.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы кут болсун!
Эгемен Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсүп, элибиздин биримдиги бекем, келечегибиз кең болсун!