30 ноябрь 2025
Кароолор: 3
Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо процесси расмий башталды

2025-жылдын 30-ноябрында Кадамжай районунда бардык шайлоо участкалары ачылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо процесси расмий башталып, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Баяке уулу добуш берип, шайлоо иш-чараларынын адилет, ачык-айкын жана мыйзам чегинде өтүүсү боюнча негизги багыттарды белгилеп өттү.
Аким Б.Баяке уулу өз сөзүндө район аймагында бардык шайлоо участокторунда тиешелүү шарттар түзүлгөнүн, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жана мамлекеттик органдар шайлоо процессин ырааттуу өткөрүүгө толук даяр экенин баса белгиледи.
Шайлоого мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жарандардын добуш берүү укугун камсыз кылуу жана шайлоонун тынч, ачык-айкын ошондой эле мыйзамдуу өтүшү үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн билдирет.