23 сентябрь 2025

Кароолор: 41

Кадамжай районунда Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен ири өндүрүш объектилерин куруу маселеси талкууланды

2025-жылдын 23-сентябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы аким Б.Баяке уулу менен Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлордун инвестицияык жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө райондо цемент заводун жана кыш заводун куруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Бул долбоорлор аймактын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканы бекемдөөгө багытталат.

Тараптар кызматташтык шарттарын жана долбоорду ишке ашыруунун этаптарын талкуулап, өз ара макулдашууларга келишти.