15 октябрь 2025

Кароолор: 397

Кадамжай районунда мамлекеттик саясатты жайылтуу жана радикалдык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жыйын өттү

Кадамжай районунда айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык адистер, аялдар кеңешинин төрайымдары, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, жаштар кеңешинин өкүлдөрү жана айыл имамдарынын катышуусунда жыйын болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын, 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгынын, 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Жарлыгынын, ошондой эле 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 “2021–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын калыптандыруу, коомдо ырааттуу руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүнү камсыз кылуу, ошондой эле радикализмдин, экстремизмдин, терроризмдин жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү болду.

Жыйынды Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси М.Абдураимов ачып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Баткен облусундагы өкүлү жана райондун имам-хатиби эл арасында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат беришип, сунуш-пикирлерин билдиришти.