31 январь 2026
Кароолор: 5
Кадамжай районунда мектептерд арасында “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана “Жаш манасчылар” кароо-сынагы болуп өттү.

Иш-чара Майдан, Орозбеков,
Исхак-Полотхан, Ак-Турпак, Үч-Коргон айыл өкмөттөрү жана Айдаркен шаарындагы мектептер арасында болду.
“Манас таануу” таймашы саламдашуу, эпос боюнча суроолор, сырттан берилген суроолор, макалдар менен көөнө сөздөрдү чечмелөө этаптарынан туруп, “Жаш манасчылар” кароо-сынагында окуучулардын эпосту аткаруу чеберчилиги, окуялардын көлөмү жана аны канча тилде аткара алганы бааланды.
Иш-чаранын максаты – жаш муундардын Манас эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулуп өткөрүлдү.