03 июль 2026

Кароолор: 10

Кадамжай районунда мугалимдердин балдары үчүн жайкы эс алуу лагери уюштурулду

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан агартуу тармагынын кызматкерлеринин балдары үчүн «Ак-Суу» ден соолукту чыңдоо борборунда 110 окуучуну камтыган жайкы эс алуу лагери уюштурулду.

Лагерди уюштуруунун негизги максаты – билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерди социалдык жактан колдоо, алардын балдарынын жайкы каникулун коопсуз, кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүү, ошондой эле ден соолугун чыңдап, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн лагерге тажрыйбалуу тарбиячылар, медицина кызматкерлери жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү тартылып, эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөп, сапаттуу тарбиялык жана ден соолукту чыңдоочу иштерди жүргүзүшөт.

Лагерге жөнөтүлгөн окуучулардын ата-энелери менен алдын ала түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, лагердин ички тартиби, коопсуздук эрежелери жана күнүмдүк иш-чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди.