24 апрель 2026

Кароолор: 5

Кадамжай районунда ооган согушунун ардагерлери сыйланды

2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жиберилген ыраазычылык каттары ооган согушунун ардагерлерине тапшырылды.

Сыйлыктар ардагерлерге коомдук иштерге жигердүү катышканы, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого кошкон зор салымы жана коомдогу активдүү позициясы үчүн ыйгарылды.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер катышып, сыйлык ээлерине ыраазычылык билдиришти. Катышуучулар ардагерлердин эрдигин, алардын бүгүнкү күндө да коомго кошуп жаткан салымын өзгөчө белгилешти.