10 июнь 2026

Кароолор: 7

Кадамжай районунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча маанилүү объектилердин курулуш маселелери жеринде каралды

Кадамжай районунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча маанилүү объектилердин курулуш маселелери жеринде каралды

2026-жылдын 10-июнунда Кадамжай районунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К. Чыныбаев бир катар объектилер боюнча жеринде таанышуу иштерин жүргүздү.

Иш сапардын алкагында Уч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылында сел сууларынын кооптуу агымдарын алдын алуу үчүн дамба куруу, Айдаркен шаарынын Октябрьский көчөсүндө сел сууларын өткөрүүчү канал куруу жана Молдо Нияз айыл аймагынын Алга айылында көпүрө куруу маселелери каралды.

Жеринде жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгында аталган объектилерди ишке ашыруу үчүн тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемелерди жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча сунуштар берилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К. Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Токсонбаев, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Каралган маселелерди ишке ашыруу аймактагы сел коркунучтарын азайтууга, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана инфраструктуралык объектилердин туруктуу иштешине өбөлгө түзөт.