31 октябрь 2024
Кароолор: 82
Кадамжай районунда сел, суу каптоонун алдын алуу жана кырсык катталганда кесепеттерин жоюуга багытталган атайын машыгуу өтүүдө

Кыргыз Республикасыныны Өзгөчө Кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасынын негизинде ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов, Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, подполковник Таалай Айткуловдун жетекчилигинде Кадамжай районунда сел, суу каптоонун алдын алуу жана кырсык катталганда кесепеттерин жоюуга багытталган атайын машыгуу өтүүдө.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте Кадамжай районунун Искак-Полотхан айыл аймагында атайын машыгуу болуп, Кадамжай районунда сел, суу каптоонун алдын алуу жана кырсык катталганда кесепеттерин жоюуга багытталган атайын машыгуу 30-октябрь күнү башталып 31-октябрда жыйынтыкталат.
Ага ылайык катталган кырсыктын кесепеттеринин масштабы болжолдуу аныкталып, аймактагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттары тартылып, алгач калкты кабарлоо, эвакуациялоо, жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү аткарылды.