23 июль 2026
Кароолор: 5
Кадамжай районунда селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү иштери уланууда

2026-жылдын 22-июль күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Кожо-Ашкен дарыясында суунун көлөмү саатына 270 м³кө чейин жеткен.
Суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Өтүкчү айылында Өзбек Республикасынын Сох анклавына өтүүчү Кожо-Ашкен дарыясынын үстүндөгү автоунаа өтүүчү «Достук» көпүрөсүнүн оң жээги зыянга учураган
Учурда жеринде тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан абал көзөмөлгө алынып, жээктерди бекемдөө жана келтирилген зыяндын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Тиешелүү кызматтар кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон чараларды көрүүнү улантууда.