23 июнь 2026

Кароолор: 8

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

2026-жылдын 22-июнунда Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел жүрүп, учурда селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү жана тазалоо иштери ыкчам тартипте жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү кызматтар тарабынан атайын техникалар тартылып, сел калдыктарын тазалоо, ички жолдорду жана инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүү боюнча иштер аткарылууда.

Жеринде абал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө болуп, келтирилген чыгымдарды тактоо жана селдин кесепеттерин толук жоюу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өзгөчө кырдаалдар кызматтары калктын коопсуздугун камсыз кылуу багытында бардык зарыл чараларды көрүүдө.