27 октябрь 2025
Кароолор: 412
Кадамжай районунда шайлоо боюнча штаб жыйыны өткөрүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында шайлоо боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында алдыдагы шайлоого карата уюштуруу иштерин координациялоо, шайлоо процессинин ачык жана мыйзам чегинде өтүшүн камсыз кылуу маселелери талкууланып, район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле айыл өкмөттөрдүн башчылары жана шаар мэрлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ар бир мекеме-ишкана жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо процессин уюштуруу багытында конкреттүү тапшырмалар коюлуп, ошондой эле шайлоо күнү жарандардын коопсуздугун, тартипти жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.