12 август 2026

Кароолор: 1

Кадамжай районунда социалдык контракт боюнча убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму өтүүдө.

2026-жылдын 12-августунда Кадамжай районунда социалдык контракт алуучулардын долбоорлорун кароо боюнча убактылуу комиссиянын 4-отуруму өтүүдө.

Отурумда жарандар тарабынан сунушталган бизнес-долбоорлор каралып, алардын мазмуну, ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалы талкууланды.

Ошондой эле долбоорлордун социалдык багыттуулугу, үй-бүлөнүн өз алдынча иш алып баруу мүмкүнчүлүгү, эмгек жана мүлктүк потенциалы, бизнес-пландын негиздүүлүгү эске алынды.

Комиссиянын чечими менен белгиленген талаптарга жооп берген долбоорлор жактырылып, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилет.

📌 Социалдык контракттын негизги максаты – муктаж үй-бүлөлөргө өз алдынча киреше табууга шарт түзүү жана алардын жашоо деңгээлин жакшыртууга көмөк көрсөтүү.