05 февраль 2026

Кароолор: 3

Кадамжай районунда социалдык маселелер боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Жыйын Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басарынын жетекчилиги алдында үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйында үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси каралып, анын келип чыгуу себептери жана алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Жыйынтыгында координациялык кеңеш тарабынан чечим кабыл алынып, жооптуу мекемелерге тиешелүү тапшырмалар берилди.