19 июнь 2026

Кароолор: 7

Кадамжай районунда суу кырсыктарынын алдын алуу иш-чаралары уланууда.

Кооптуу деп табылган суу объектилеринин жээктерине жана калк көп жүргөн аймактарга эскертүүчү тактайчалар орнотулууда.

Урматтуу тургундар!

Суу жээктеринде эс алуу учурунда жана сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөбүз. Балдарды кароосуз калтырбай, алардын жүргөн жерине дайыма көз салып туруңуздар. Каналдарга, арыктарга, дарыяларга жана терең суу жайларына жакын ойноосуна жол бербеңиздер.

Эсиңиздерде болсун: этияттык жана жоопкерчилик көптөгөн кырсыктардын алдын алат. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буралы.