18 июнь 2025

Кароолор: 17

Кадамжай районунда тамчылатып сугаруу ыкмасы менен жайыт жерлерди өздөштүрүү боюнча иш сапар болду

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин региондор жана жаратылыш ресурстары менен иштөө башкармалыгынын башчысы-А.Сыдыков, райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошов, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досанов жана район аймагындагы айыл чарба кооперативдеринин башчылары Молдо Нияз айыл аймагына барып, жеке ишкер Т.Жалиловдун тамчылатып сугаруу технологиясын колдонуп жайыт жерлерди өздөштүрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери менен жеринен таанышышты.

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар суу ресурстарын үнөмдөөчү жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга шарт түзүүчү тамчылатып сугаруу ыкмасынын пайдалуулугуна баа беришти. Аким Б.Баяке уулу демилгени колдоп, райондогу айыл чарбасын модернизациялоо жана инновацияларды киргизүү багытындагы аракеттерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жеке ишкер Т.Жалилов бул долбоордун максаты – жайыт жерлердин эффективдүү пайдаланылышын камсыз кылуу, мал чарбачылыгы үчүн азык базасын чыңдоо жана сууну үнөмдүү колдонуу аркылуу өндүрүштүн сапатын жана көлөмүн жогорулатуу экенин айтты. Ошондой эле, райондук кооперативдердин башчылары демилгеге жигердүү катышып, өз чарбаларында ушул технологияны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Бул иш-чара айыл чарба тармагындагы жаңы технологияларды жайылтуу жана жергиликтүү экономиканы чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланды.