23 май 2025

Кароолор: 10

Кадамжай районунда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин иши талкууланды

Кадамжай районунда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин иши талкууланды

Кадамжай районунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо багытында түзүлгөн жергиликтүү комитеттердин иш-аракеттери боюнча жыйын болуп өттү. жыйында аталган комитеттердин бүгүнкү күнгө чейин аткарган иштери, жетишкендиктери жана учурдагы кыйынчылыктары каралды.

Жыйынга укук коргоо органдары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Талкуунун жүрүшүндө зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери, кризистик абалга туш болгон жарандарга көрсөтүлүп жаткан колдоо чаралары тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу үчүн коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, айылдык деңгээлдеги кызматташтыкты күчөтүү жана укуктук жардам көрсөтүүнүн механизмдерин жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.

Жыйын соңунда катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар берилип, мындан аркы иштерди координациялоо боюнча конкреттүү пландар түзүлдү