27 январь 2026

Кароолор: 6

Кадамжай районунда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча координациялык кеңештин отуруму өттү

2026-жылдын 27-январында Кадамжай шаарында Кадамжай районунун прокурорунун төрагалыгы алдында Кадамжай районунун укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча координациялык кеңештин 2026-жылдын 1-чейрегиндеги отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө район аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жабыркаган адамдарды коргоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды. Кеңештин жыйынтыгында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда:

• Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча билдирүү түшкөн учурларда убактылуу коргоо ордерин мыйзам талаптарына ылайык токтоосуз берүү, коргоо ордери берилген адамдардын жүрүм-турумун күнүмдүк мониторинг менен көзөмөлдөө, жана ордердин талаптарын бузгандарга карата мыйзамда каралган чараларды көрүү милдеттендирилди.

• Балдарга карата зомбулук фактылары боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга дароо маалымдоо зарылдыгы белгиленди.

• Жергиликтүү мамлекеттик администрацияга район аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча бардык субъекттердин ишин координациялоо, жергиликтүү комитеттердин ишин уюштуруу жана аймактык программалардын аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды.

• Айыл өкмөт башчыларына жана жергиликтүү комитеттерге үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин жандандыруу, ички миграциядагы үй-бүлөлөрдү жана кароосуз калган балдарды аныктоо максатында жума сайын үймө-үй кыдырууларды уюштуруу милдети коюлду.

• Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына зомбулуктан жабыркаган адамдарга социалдык жардамды токтоосуз көрсөтүү, аялдар жана балдар үчүн жекече коргоо пландарын иштеп чыгуу, тобокел тобундагы үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо тапшырылды.

• Райондук билим берүү бөлүмүнө мектептерде ата-энелер менен “Зомбулуксуз жашоо” темасында чогулуштарды үзгүлтүксүз өткөрүү жана жабыркаган балдарга психологиялык-педагогикалык колдоо көрсөтүү милдети жүктөлдү.

• Саламаттык сактоо уюмдарына үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү, дене жаракаттарын каттоо жана тиешелүү учурларда 24 сааттын ичинде ички иштер органдарына маалымдоо боюнча талаптар белгиленди.

Координациялык кеңеш тарабынан кабыл алынган бул чечимдер район аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, жабыркаган адамдардын укуктарын коргоого жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Бул багыт прокуратура органдары үчүн артыкчылыктуу болуп саналат жана аткарылышы туруктуу көзөмөлгө алынат.