03 октябрь 2025

Кароолор: 23

Кадамжай районунда Улгайгандар күнү белгиленди

2025-жылдын 3-октябрында 1-октябрь “Улгайгандардын эл аралык күнүнө” карата Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан атайын майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Кадамжай районунун акими, жетекчилер, ардактуу аталар, апалар катышты. Райондун акими куттуктоо сөзүндө, улгайган жарандардын коомдогу ордун белгилеп, алардын эмгеги менен жашоо-тиричиликтин өнүккөнүн баса белгилеп, ошондой эле улгайгандарга кам көрүү – коомдун ыйык милдети экенин айтып өттү.

Майрамдык салтанатта райондук маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа тартууланды. Ушул күндүн урматына атайын сый тамак уюштурулуп, келген ардагерлерге белектер берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүп,ак батасын берип мамлекет жана коом тарабынан улгайган муунга ар дайым көңүл бурулуп жатканын белгилешти. Мындай иш-чаралар жаштарды улууларды урматтоого, ата-бабанын салтын улантууга тарбиялай турганын баса белгилешти.