19 апрель 2025
Кароолор: 17
Кадамжай районунда Улуттук тазалык күнү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кадамжай районунун аймагында Улуттук тазалык күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана тургундар активдүү катышышты. Иштин жүрүшүндө жол боюндагы таштандылар чогултулуп, арыктар тазаланып, иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле көрктөндүрүү максатында Айдаркен шаарында 150 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду.
Таза аймак — ден соолукка кам көрүү!