12 сентябрь 2026

Кароолор: 8

Кадамжай районунда жаңы ишкана ачылды

2026-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкө боюнча ачылган 105 социалдык объекттин алкагында Кадамжай районунда бир катар маанилүү объектилер пайдаланууга берилди.

Алардын катарында Үч-Коргон айыл аймагында тоо-кен тармагындагы «Тянь-Шань» ЖЧКсынын ишканасынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К. Ташбалтаев, Кадамжай районунун башчысы-аким Б. Баяке уулу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде жаңы ишкананын ишмердүүлүгүнүн багыттары, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана район экономикасына кошкон салымы тууралуу маалыматтар берилди.

«Тянь-Шань» ЖЧКсынын ишке кириши аймактагы өндүрүштүк потенциалды жогорулатууга, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Ишкананын ишмердүүлүгү менен бирге жергиликтүү тургундар үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүү, бюджетке түшүүчү кирешелерди көбөйтүү жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу максаттары көздөлүүдө.