14 апрель 2026

Кароолор: 13

Кадамжай районунда жаңы өндүрүш ишканасынын курулушу жүрүүдө

2026-жылдын 14-апрелинде Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Халмион Пром» ишканасынын курулушу менен жеринен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө аким курулуш иштеринин сапатына, техникалык талаптардын так сакталышына жана объекттин өз мөөнөтүндө пайдаланууга берилүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Тиешелүү жетекчилерге жана адистерге курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген графикке ылайык жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ишкананын ишке кириши жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошору белгиленди.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы аймакта инвестициялык долбоорлорду колдоо жана өндүрүш тармагын өнүктүрүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.