08 октябрь 2025

Кароолор: 17

Кадамжай районунда жаңы почта байланыш бөлүмдөрү ачылды

9-октябрь — Дүйнөлүк почта күнүнө карата Кадамжай районуна караштуу Алга, Көтөрмө жана Жийделик айылдарында “Кыргыз почтасы” ААКтын жаңы байланыш бөлүмдөрүнүн ачылыш аземдери болуп өттү.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мирланбек Айтматов, “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова, жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы ачылган байланыш бөлүмдөрү айыл тургундарына почта жана логистикалык кызматтарды жакындатууга, ошондой эле заманбап байланыш инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Белгилей кетсек, Жийделик айылындагы байланыш бөлүмү жергиликтүү тургундардын демөөрчүлүгү менен курулуп, заманбап талаптарга ылайык толук шарттар менен жабдылган.