26 апрель 2024

Кароолор: 11

Кадамжай районунда “Жаштар” борбору ачылды.

    Кадамжай районунда калктын 35-40% ын жаштар түзөт. Мына ушул жаштардын социалдык абалы жана турмуш сапаты мамлекеттин маанилүү багыттарынын бирине кирет. Жаштар саясатын колдоо максатында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында “Жаштар” борбору ачылды. Райондун акими Болоткан Баяке уулу жаштарды ар тараптан колдоо жана аларга дем берүү менен кайсыл тармакта болбосун билимдүү, дилгир жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ийгиликтерди жаратуусуна кызыкдар экендигин билдирди.

Жаштар борборунун ачылуу аземине КР Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов, АКШнын Эл Аралык Республикалык институтунун Кыргызстан боюнча директору Димитар Стойков, “Энактус” Кыргызстан уюмунун программалык директору Алтынай Жумабекова жана башка коноктор катышып, жаштарга арналган программалык иш-чараларга күбө болушту.