17 ноябрь 2024
Кароолор: 79
Кадамжай районунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жалпысынан 74 добуш берүүчү тилкелерде өтүүдө.

Район аймагында Шайлоо тилкелери саат 8:00дөн тартып шайлоочуларды кабыл ала баштады. Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу Кадамжай шаарындагы № 8127-чи тилкеде болуп, уюштуруу иштеринен кабар алды. Аталган добушканада 2641 шайлоочу бар. Сардар Ахмадалиев жашы 18ге толуп, биринчи жолу шайлоого добуш беруугө келген. Район акими аны менен катар жашы 18ге толгон 3 жаранга БШКнын белектерин тапшырды. Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандары 18 жашка толгондон баштап шайлоого катыша алат.
Маалымат үчүн айтсак, Айдаркен шаарында 21 мандат учун 3 саясий партия, Кадамжай шаарында 21 мандатка 6 саясий партия жана 8 айылдык кенеште 228 мандатка 454 талапкер ат салышууда. Жалпы район боюнча 270 мандаттан аялдар учун 111 квота берилген. Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштуруу иштери боюнча тиешелуу чаралар көрүлгөн. О.э. 16 ноябрь күнү райондогу 279 шайлоочусу алдын ала добуш берген.