26 ноябрь 2025
Кароолор: 15
Кадамжай районунда жол коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын өттү

Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын аппараттын жетекчиси М.Абдураимов, Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник С. Караев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А. Каламбеков ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү айдоочулар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугу багытында аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар айтылып, көйгөйлүү учурлар белгиленип, аларды чечүүгө багытталган сунуштар каралып, тийиштүү кызматтарга жол коопсуздугун алдын алуу чараларын күчөтүү жана жакшыртуу боюнча түшүндүрмө берилди.