18 август 2026
Кароолор: 7
Кадамжай районунда жыйын өттү

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги алдында мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана 31-августта ачылышы пландалган объектилерге даярдык көрүү маселелери каралды. Ошондой эле суициддин жана сууга чөгүүнүн алдын алуу, 2026–2027-жаңы окуу жылына жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Рахимовдун Кадамжай районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда айтылган сын-пикирлер жана сунуштардын негизинде түзүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышы каралды.
Жыйындын соңунда тиешелүү жетекчилерге белгиленген иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилди