31 январь 2024
Кароолор: 178
КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Аймакта салык жыйымдарын жыйноодо бир катар аракеттер жүрүү менен, 2023-жылы мамлекеттик бюджетке 689,8 млн. сом салык жыйналып, 2022-жылга салыштырмалуу 22,2 млн. сомго көп чогулган. Республикалык бюджетке чегерүлүүчү салыктардын планы 326,9 млн. сом болсо, 327,2 млн. сом, ал эми Жергиликтүү бюджетке чегерүлүүчү салыктардын планы 340,7 млн. сом болсо, 362,6 млн. сом жыйналып, план тапшырма 106,4 пайызга аткарылды.
2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 5 сооциалдык объектилердин курулушу (4 мектеп, 1 оорукана) бүткөрүлгөн. Андан сырткары, жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер, өнүктүрүү фонддору, эл аралык фонддор жана уюмдар тарабынан 18 социалдык обьектилердин курулушу жүрүп, пайдаланууга берилген. Бардык тармактардагы алып барылган иш-аракеттердин жыйынтыгы каралып, натыйжада бир нече айыл өкмөт башчыларына эскертүүлөр берилди.