28 декабрь 2023
Кароолор: 165
Кадамжай районундагы 110 балага жаңы жылдык белектер берилди
Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин балаты майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага райондун аймагындагы 115 бала катышып, концерттик программа тартууланды.
Жаңы жылга арналган концерттик саамалыктын көркүн кечеде балаты жана Аяз ата Аяз кыз менен бирге жаңы жылдын каармандары кооздоп, балдарга унутулгус майрамдык маанай тартуулады. Иш-чарага райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, билим берүү тармагынын жана Кадамжай шаарынын жетекчилери катышып, балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттукташты.
Жылдан жылга мамлекеттин келечек муунга жасап жаткан камкордуктарынын аракеттерин белгилеген райондун башчысы Баяке уулу Болоткан балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады. Билимдүү жана аракетчил балдар өлкөнүн келечегине жараган мыкты инсандар болоорун, андыктан дайыма билим алууга умтулууга үндөп, жаңы жылда жаңы ийгилик, максаттарды каалады. Майрамдын соңунда ар бир балага майрамдык белектер берилди.