29 май 2026
Кароолор: 6
Кадамжай районундагы 88 билим берүү мекемесинде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи өтүүдө.

2025–2026-окуу жылында райондогу жалпы окуучулардын саны 50 160ты түзөт. Анын ичинен 9-классты 4 163 окуучу, ал эми 11-классты 2 153 бүтүрүүчү аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 1 627 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөгө катышты.
Бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу линейка саат 09:00дө башталып, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.
Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасында 2 окуучу республикалык турга катышты.
Ошондой эле “Мектеп лигасынын” республикалык туруна “Кадамжай Жаштык” мектебинин кыздар командасы жана М. Горький атындагы жалпы билим берүү мектебинин балдар командасы катышты.
Быйылкы окуу жылында район боюнча бир катар окуучулар облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарда ийгиликтерди жаратып, район намысын татыктуу коргоп келишти.
“Акыркы коңгуроо” аземин өткөрүүдө окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү мекемелер тарабынан көзөмөл күчөтүлүп, түшүндүрүү иштери улантылууда.
Салтанаттын жүрүшүндө мугалимдерге, ата-энелерге жана окуучуларга жакшы каалоо-тилектер айтылып, бүтүрүүчүлөргө ак жол кааланды.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү бардык бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адистерден болушуна тилектештигин билдирет.