23 декабрь 2023
Кароолор: 148
Кадамжай районундагы «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы жылдык белектери тапшырылды.
Кадамжай районуна караштуу Совет айыл аймагында жайгашкан «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө учурда 18 балдар тарбияланат. Мында жашоо шарты үчүн бардык шарттар түзүлүп, облустун ар кайсыл район шаарларынан келген түрдүү курактагы балдар бар.
Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңешинин депутаты Шарапаткан Мажитова «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнөн кабар алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова менен биргеликте КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан биргеликте балдар менен жолугуп, андагы жашоо шарты менен таанышышты. Анын алкагында «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары жаңыдан имаратка муктаждыгы сөз болду.
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, эл өкүлү Шарапаткан Мажитова бул боюнча жергиликтүү бийликтин кайрылуусун эске алып, балдарга шарттарды жакшыртуу максатында келээрки жылдан республикалык бюджеттен жаңы имаратты курууну ишке ашырууга аракеттер көрулөрүн убадалады.
Балдар менен баарлашкан соң, тиричилик техникалары тапшырылды. Андан соң, Совет айыл аймагындагы балдардын жаңы жылдык концерттик программасына күбө болуп, 50 балага белектер тапшырылды.