29 март 2024

Кароолор: 32

Кадамжай районундагы мал базарларында ирээтке келтирүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүп жатат.

  Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан тапшырмасына ылайык, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Болот Кундузов жана райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Советбек Калыков менен биргеликте Исхак-Полотхан айыл аймагынын «Баяман баатыр» мал базарында көзөмөл иштерин күчөтүү жана ирээтке иштери жүрүүдө.

2015-жылдын 18-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө» № 377 токтомун ишке ашыруу жана талаптарды так сактоо максатында иш алып баруу жагы базар ээсине эскертилди. Райондун башчысы мал базарлардагы бардык эрежелерди жана ирээтке келтирүү иштерин толук кандуу бүткөрүү тапшырмасын тийиштүү кызматтарга тапшырды. Ал эми РИИБнүн башчысы мал уурулуктун алдын алуу жана жол боюндагы автотыгынды азайтуу максатындагы иш-чараларды алып барууда.

и ещё 3

Статистика и объявления

Продвигать публикацию

 

Нравится

 

 

Комментировать

 

Поделиться