28 ноябрь 2025
Кароолор: 2
Кадамжай районундагы шайлоо участкаларынын даярдыгы текшерилди

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондун аймагындагы шайлоо участкаларынын шайлоого карата даярдыгы каралып чыкты.
Иш сапарынын жүрүшүндө аким жана тиешелүү кызмат жетекчилери шайлоо участкаларындагы материалдык-техникалык камсыздоо, шайлоо күнү иш алып баруучу комиссия мүчөлөрү боюнча, коопсуздук жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле шайлоонун мыйзам чегинде ачык, таза өтүшүн камсыздоого багытталган тапшырмалар берилди