01 август 2026

Кароолор: 9

Кадамжай районунун аймагында инфраструктураны өнүктүрүү багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Жеңиш – Таш-Дөбө автоунаа жолунун 6,4 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол пайдаланууга берилди. Курулуш иштери №46 жол куруу ишканасы тарабынан сапаттуу аткарылып, жергиликтүү тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу каттам менен камсыз болушуна шарт түзүлдү.

Ошондой эле Кадамжай районуна караштуу Исхак-Полотхан айыл аймагындагы «Достук» орто мектебинин жаңы имаратын куруу иштери башталды.

Бул курулуш «Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.