30 май 2026
Кароолор: 7
Кадамжай районунун аймагында жалпы райондук ишембилик өткөрүлүп, ага мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

2026-жылдын 30-майында Кадамжай районунун аймагында жалпы райондук ишембилик өткөрүлүп, ага мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ишембиликтин негизги максаты – калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү таза сактоо жана аймактарды көрктөндүрүү иштерин күчөтүү болду. Иш-чаранын алкагында көчөлөр, коомдук жайлар, социалдык объектилердин айланасы жана башка жалпы пайдалануудагы аймактар тазаланып, ирээтке келтирилди.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аймактардагы тазалык камсыздалып, жашоочулар үчүн жагымдуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Ошондой эле ишембиликке катышуучулар тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жана тазалыкты сактоо боюнча жакшы үлгү көрсөтүлдү.
Мындай коомдук демилгелер жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөп, калктын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга, ошондой эле жарандардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.
Кадамжай районунда тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча аракеттер мындан ары да системалуу түрдө улантылып, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат.