22 июнь 2026
Кароолор: 5
Кадамжай районунун аймагында жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жалпы 14 км жолго асфальт төшөө иштери аткарылды.

Анын ичинде:
Ак-Турпак–Өтүкчү жолу — 1,6 км;
Кара-Шоро–Кара-Казык жолу — 1,55 км;
Кан–Бурбалык унаа жолу — 3 км;
Жеңиш–Таш-Дөбө жолу — 5 км;
Ынтымак–Жеңиш жолу — 1,4 км;
Уч-Коргон–Теңизбай жолу — 1,1 км.
Ал эми жылдын жыйынтыгы менен жалпы 100 км жолго асфальт төшөө пландалууда.