07 март 2025

Кароолор: 36

Кадамжай районунун аймагындагы 100 жаштан ашкан улгайган энелерден кабар алып куттукташты

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын буйругуна негиз, Кадамжай районунун аймагындагы 100 жаштан ашкан улгайган энелерди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Баатырбек Коргонбаев баштаган жетекчилер энелерден кабар алып, куттукташты. Энелердин үйүнө барып, майрамдык белек тапшырышты жана энелерге бекем ден-соолук, узак-өмүр, урмат жана жакындарынын камкордугу коштоп жүрүүсүн каалашты.