14 сентябрь 2026
Кароолор: 18
Кадамжай районунун аймагындагы негизги автожолдордун жээктерин иретке келтирилүүдө

Кадамжай районунун аймагындагы негизги автожолдордун жээктерин иретке келтирүү жана аймактын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында тиешелүү иш-чаралар жигердүү жүргүзүлүүдө.
Бул багытта Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистери тарабынан атайын рейддик текшерүүлөр уюштурулуп, жол боюнда мыйзамсыз, иретсиз илинген жана санитардык-архитектуралык талаптарга жооп бербеген сырткы жарнамаларды, баннерлерди жана көрнөктөрдү демонтаждоо иштери аткарылууда.
Текшерүү учурунда адистер тарабынан соода жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн ээлерине жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сырткы жарнамаларды жайгаштыруунун мыйзамдуу тартиби менен эстетикалык нормалары эскертилүүдө. Ал эми эрежеге баш ийбеген, эскирген жана жол кыймылына тоскоолдук жаратып, аймактын көркүн бузган көрнөк-жарнамалар жеринен алынууда.