30 июль 2026

Кароолор: 8

Кадамжай районунун аймагындагы жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү.

2026-жылдын 29-июлунда Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында «Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd.» компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда Кадамжай районунун аймагындагы жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык багыттагы ири масштабдагы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, анын ичинде заманбап логистикалык борборлорду, заманбап күнөскана комплекстерин, ошондой эле башка өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилерди куруу боюнча долбоорлорун тааныштырышты.

Ошондой эле инвестицияларды тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү.